Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банк эсеби (Banking account) —Депозитти (банктык аманатты) кабыл алуу жана/же кредит берүү, ошондой эле банктык тажрыйбада иш жүгүртүүнүн багыттары колдонулган жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында, банктык эсепти тейлөө боюнча келишимде каралган кардарды тейлөөгө байланыштуу банк тарабынан операцияларды ишке ашыруу боюнча банк менен кардар ортосунда келишимдик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАНК ЭСЕБИ – банк ишинде кардардын банкка карата акчалай таламдарын эсепке алуу максатында пайдаланылуучу, Б. э. тууралуу келишимден, ошондой эле Б. э-нин тийешелүү катмарлары үчүн каралган келишимдин аткарылышын банк аткарымдары аркылуу жүзөгө ашыруудан келип чыккан эсеп бирдиги.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча банктык эсеп (Banking account of E-money accounting) —Банк тарабынан ачылган эсеп, ал чыгарылган электрондук акча боюнча акча каражаттар суммасын чегерүү жана электрондук акчанын ордун жабуу үчүн аларды эсептен алып салуу операцияларын ишке ашырууда гана пайдаланылат.